Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:59

Бүгүн Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын Кашкелең айылында “Келечек каттамы” салтанаттуу түрдө ишке берилди. Каттам – бул балдарды мектепке жана бала бакчага ташып туруу үчүн айыл өкмөтү сатып алган чакан бустун иши.

Муну “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун колдоосу менен ишке ашыруу мүмкүн болду. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келатат.

Долбоордун аткаруучуларынын айтымында, каттам – бул жергиликтүү жамааттын аныкталган муктаждыктарына ЖӨБ органдарынын иш аракети. Бул – аймактагы алыскы алты айылда жашаган 140 баланын ата-энесинин үнүнө жооп. Балдардын ата-энелери ЖӨБ органдары менен өткөрүлгөн чогулуштарда жана жыйындарда, ЖӨБОнун иш планын жана жергиликтүү бюджетин талкуулап жаткан учурда ушул маселени көтөрүп келишкен.

Кашкелең, Дорожное, Саз-Булак, Жел-Арык, Чолок жана Кыз-Күйөө айылдары Кызыл-Октябрь айылдык аймагына караган чакан айылдар. Райондук администрациядан 18 км алыстыкта жайгашкан бул айылдарда мектеп да, бала бакча да жок. Ошондуктан бул айылдарда жашаган 120 бала Кызыл-Октябрь айылындагы А.Аширбаев ат. орто мектепке жана 20 бала “Кызыл-Октябрь Келечеги” бала бакчасына барып келүүгө мажбур болчу.

“Биз 2017-жылдын бюджетинде транспорт сатып алууга каражат бөлгөнбүз. Бирок балдардын саны көп болгондуктан бир автобус маселени чече алмак эмес. Ошол себептен Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын конкурсуна өтүнмө жиберип, 1 миллион сом утуп алдык. Долбоордун колдоосу менен калктын суроо-талаптарына жооп берүүгө болгон аракетибизден майнап чыгып, 2014-жылы чыккан “Мерседес Бенц 223203” үлгүсүндөгү кошумча чакан-бус сатып алдык. Муну менен 120 окуучуну жана 21 баланы ташып туруу иши жолго салынды. Дагы жакшы, окуучулар эки нөөмөттө окушат”, - деп айтты Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Султанов С.

“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун иш аракеттери жарандардын чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен ЖӨБ органдарынын коомдук финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруусуна көмөктөшүүгө багытталган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG