Кыргызстанда 3-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолорго кар жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо катуу жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 15...20,
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 14...19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 22...27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 17…19, күндүз 18…20 градус жылуу болот.