Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:06

Элнура Алканова тергөөчүлөрдүн үстүнөн арыз жазды


Элнура Алканова

Журналист Элнура Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековдун үстүнөн арыз жазды. Журналист аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча баа берүүнү жана жоопко тартууну талап кылууда.

- "Медиа полиси" институтунун юристтеринин көмөгү менен ушундай талап койдук. Мага карата козголгон кылмыш иште айтылган айыптоолорду алар далилдей алган эмес. Көптөгөн юристтер мага козголгон кылмыш иши боюнча баасын берип, муну саясий буйрутма деп айтышкан. Ошондуктан Башкы прокуратурага арыз жаздык, - деди Алканова.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат журналист Элнура Алкановага карата кылмыш ишин апрелдин соңунда токтоткон. Ал "маалыматты мыйзамсыз жол менен алуу фактысы" боюнча айыпталган эле.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Идеал Хаус" деп аталган турак жай комплекси жайгашкан жерден 48 коттеж 12,4 гектар аянты менен аукциондо 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана мамлекеттин карамагына алынганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул сатык боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазып чыккан. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал-Хаус" шаарчасына байланышкан тасманы жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон.

"Идеал Хаус" чыры боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиев камакка алынган.​

Журналист Алканова бул камакка алуу иштери анын журналисттик иликтөөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын ырастала баштаганын айгинелей тургандыгын айткан. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG