Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 00:06

Сауд Арабияда Маданият министрлиги иштей баштады


Падыша Салман жана ханзаада Мухаммед бин Салман ири оюн-зоо курорттун курулушун баштоо аземинде. 28-апрель, 2018-жыл.

Сауд Арабияда Маданият министрлиги иштей баштады. Тийиштүү жарлыкка падыша Салман бен Абдел Азиз ал-Сауд кол койгонун "Al-Arabia" телеканалы 2-июнда кабарлады.

Бул - ондогон жылдар бою калыптанган консервативдүү, шарият мыйзамдары өкүм сүргөн падышалыкта мураскор ханзаада Мухаммад бин Салман тарабынан сунушталган реформанын кезектеги кадамы.

Бир нече айдан бери Сауд Арабияда революциялык өзгөрүүлөр болуп жатат.

Майдын башында Эр-Рияд "Жашоо сапаты-2020" долбоорун баштаган. 35 миллиард долларлык долбоор Сауд Арабияда маданият жана көркөм өнөрдү өркүндөтүүгө багытталган.

Сауд Арабиясында кинотеатрларга салынган 40 жылдык тыюу күчүн жоготуп, 18-апрелде Эр-Риядда салтанаттуу түрдө алгачкы коммерциялык кинотеатр ачылды. 2020-жылга чейин өлкөдө 45 кинотеатр куруу пландалган.

Анын алдында аялдардын автоунаа айдоосуна уруксат берилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG