Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман эгер парламент Антикоррупциялык сотту түзүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл албай койсо, анда кызматтан кетип каларын эскертти. Гройсман бул тууралуу Жогорку Раданын спикери Андрей Парубий менен өткөргөн биргелешкен басма сөз жыйынында билдирди.
Антикоррупциялык сотту түзүү - Киевге жаңы насыя бөлүүгө убада берген Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) талабы. Жогорку Рада мыйзамды экинчи окууда 24-майда эле карашы керек болчу. Гройсмандын айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынбаса, өлкөнүн эл аралык аброюна терс таасир этет. Ал эми парламент спикери Андрей Парубий мыйзам долбоору 7-июнда колдоо табат деген ишенимин билдирди.
Мыйзам долбоорундагы депутаттарды нааразы кылган башкы нерсе андагы эл аралык эксперттердин судьяларды тандоодогу жана дайындоодогу ролунун чектелип калышында болуп жатат. Эл аралык эксперттер, анын ичинде ЭВФ да эл аралык эксперттердин ролу Антикоррупциялык соттун өз алдынчалыгын камсыз кылат деп эсептешет.
Ал эми президент Петро Порошенко Жогорку Радага сунуш кылган мыйзам долбооруна ылайык, Эл аралык эксперттер кеңеши судьялыкка талапкер болгондор тууралуу терс сунуштама бере алат. Бирок Украинанын жогорку квалификациялык комиссиясы андай ветону жетиштүү добуш менен ашып өтө алары жазылган.