Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

5-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу болот. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Нарын дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 26...28 градус болот.

XS
SM
MD
LG