Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Жумакуловго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алышты.
Жумакулов жергиликтүү кеңештин депутаттары анын ишине тоскоол болуп жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды. Анын айтымында, депутаттар айыл өкмөттүн иш милдеттерине кирбеген маселелер боюнча кайрылышат:
- Ачыгын айтканда, "Бишкекке жана башка жактарга барабыз" деп акча сурашат. Майрамдарда да сурашат. Бербей койсоң нааразы болушат. "Биздин гана сөзүбүздү угушуң керек" дешет. Жума күнү сессия өтүп, сегиз депутат менин жумушума канааттанбай жатканын айтып, ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алышыптыр,- деди Жумакулов.
Ал эми айылдык кеңештин төрагасы Абжалбек Назаралиев жагдай боюнча азырынча комментарий бере албасын билдирди. (AlS)