Борбордук Америкадагы Гватемала мамлекетинде Фуэго жанар тоосунун атылышынан улам каза тапкандардын саны 65ке жетти. Бул тууралуу дүйшөмбүнүн кечинде "Пренса Либре" гезити өз сайтында Табият кырсыктарынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча улуттук борбордун маалыматына таянып жазып чыкканын "Итар-Тасс" агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, куткаруу-издөө иштеринде курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Жанар тоонун атылганы 1 миллион 700 миңдей кишиге таасир этти. Материалдык чыгымдын өлчөмү азырынча жарыялана элек. Ондогон кишинин өлүмүнө байланыштуу Гватемалада үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды.
Буга чейин ВВС жанар тоо атылганда 300дөй киши жабыркаганын, аймактан 2000дей киши көчүрүлгөнүн маалымдаган. Жергиликтүү бийлик жанар тоо азыр да атылып жатканын айткан. Гватемаланын Жанар тоо таануу, сейсмология жана метеорология боюнча улуттук институтунун кабарына караганда, жанар тоо деңиз деңгээлинен 10 миң метр бийиктикке чейин күлүн чачып жатат. Фуэго жанар тоосу өлкө борборунан 40 чакырым аралыкта жайгашкан. Азыркы жанар тоонун атылышы 1974-жылдан бери эң кубаттуусу катары бааланууда.