Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка караганда, Артыкбаев Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесин биринчи бөлүмү ("Коррупция") боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат депутаттын камактагы мөөнөтү тууралуу чечимди кабарлаган жок.

5-июнда Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон.

Анын алдында депутат УКМКга суракка чакыртылган. Буга чейин анын адвокаты Айжан Орозакунова ЖЭБ чуусу боюнча камакка алынган "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев менен Артыкбаев бүгүн тергөөдө беттештирилип, суракка алынаарын кабарлаган.

Башкы прокуратура Артыкбаевди 2013-жылы энергетика министри болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу "Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн" деп айыптады.

5-июнда ЖЭБди модернизациялоо боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да тергөө иштери бүткөнгө чейин УКМКга камалды. Бишкектин мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматов да Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берилген акчаны "мыйзамсыз коротууга тиешеси бар" деген айып менен атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды. (NT)

XS
SM
MD
LG