Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Жээнбеков Кытайга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кытайга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бүгүн Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин жолугушуусу белгиленген.

Мамлекет башчынын Кытайдагы сапары 8-июнга чейин созулат. Бул анын президент катары алгачкы мамлекеттик сапары.

Анын жүрүшүндө кыргыз-кытай алакасынын бардык багыттары талкууланышы күтүлүп жатат. Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 10 чакты документке кол коюлаары расмий кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG