Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Бишкекте ала качууга каршы акция өтүп жатат


Бишкектеги кыз ала качууга каршы акция.
Бишкектеги кыз ала качууга каршы акция.

Ушул тапта Бишкек шаарынын борбордук аянтына бир жарым миңдей студент ала качууга каршы акцияга катышууда. Алар колуна "Биз кыз ала качууга каршыбыз", "Ала качуу салт эмес, кылмыш" деген жазууларды кармап чыгышкан. Акция концерттик шоу-программа менен коштолууда.

Акцияга Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да катышууда.

Министр мындай флешмобдор борбор калаа менен эле чектелип калбастан, өлкөнүн башка аймактарында да өтө турганын айтты. Ал мугалимдер да окуучуларга ала качуу тууралуу лекция окуй турганын кошумчалады. Иш-чара асманга шарларды учуруу менен аяктады.

Кыз ала качуу көйгөйү Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин коомчулукта кайрадан катуу талкууга жем таштаган.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши кармалгандан кийин аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыздардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу көйгөйүн күн тартибине алып чыкты.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон. (AiA/KR)

XS
SM
MD
LG