Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:25

Шер-Нияз: Каралоо убагында КТРКнын Байкоочу кеңеши башын катып отурду


Садык Шер-Нияз "Азаттыктын" студиясында.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз Коомдук Биринчи канал айрым саясий иштерди чагылдырууда “күнөөсүздүктүн презумциясы” талабын аткарбай жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету угулуп жатканда айтты:

- Депутаттарыбыз Өмүрбек Текебаевди, Канат Исаевди жөнсүз каралап жатканда Байкоочу кеңеш башын кумга катып, төө куштай болуп отурду. Шайлоо учурунда да башын катып отурду. Тагдырдын тамашасын караңыз, азыр эми КТР 180 пайызга бурулуп, бир кезде камчысын чаап, кызматын аткарып жаткандарды каралоого өттү. Туура, алар да бир кезде биздин саясий оппоненттерибиз болчу. Көп кордукту көрдү “Ата Мекен”. “Күнөөсүздүктүн презумциясы” деген түшүнүктү силер бекем сакташыңар керек. "Акыйкат сөзүн айта турган КТР" деп силерди шайлап бергенбиз. Силер ошол жумушту жакшы аткара албай отурасыңар.

Бирок Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев КТРКда цензура жок экенин айтты:

- Силер өзүңөр кабыл алган мыйзамда “КТРК коомдук статусу бар мамлекеттик мекеме" деп жазылып турат. Демек биз мамлекеттик бийликтин да, коомчулуктун да көз караштарын тең салмактуу кылууга аракет кылабыз. Эгер туура эмес көрсөтүүлөр болсо, биз аны кароого аракет кылабыз. Бизде цензура жок. Байкоочу кеңеш да цензордун милдетин аткаргыбыз келбейт. Мыйзамда бул ачык жазылган. Туура эмес маалымат кетсе бизге эле кайрылбастан сот аркылуу да чечсе болот.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө мекеменин Байкоочу кеңеши отчет берип жатат. Буга чейин маселе Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетте каралган. Өткөн айда Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев телеканалдын башкы директору Илим Карыпбековго ишенбестик көрсөткөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG