Орусиянын Калининград облусунда ушул жылдын 1-августуна чейин эмгек мигранттарына жумушка орношууга уруксат берген патент берүү токтотулду. Жергиликтүү укук коргоочулар муну чет жактан келген жумушчулардын жана миңдеген калининграддык ишкерлердин укугун бузуу катары баалашууда. Облус жетекчилиги тараткан билдирүүдө патент берүү Орусиянын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык токтотулганы айтылат.
Ал эми облус администрациясынын өкүлү Наталья Лакс "Азаттыктын" өзбек кызматына берген комментарийинде бул чечим Футбол чемпионатына байланыштуу кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилеп, так себебин айткан жок. Ал мындай чектөөлөр жарандары Орусия менен визасыз каттаган мамлекеттерден келген, анын ичинде өзбекстандык мигранттарга да киргизилерин ырастады.
Буга чейин Дүйнө чемпионатына байланыштуу Орусиянын 11 шаарында миграциялык көзөмөл күчөтүлгөнү айтылган. Футбол боюнча дүйнөлүк оюндар Орусияда 15-июндан 15-июлга чейин өтөт.