Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 09:56

Орусия эстониялык саясатчылардын өлкөгө киришине тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "Эстониянын Орусиядан чочулаган кайсы бир саясий ишмерлерине" өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Тышкы саясат мекемеси бул чечимди Балтика боюндагы өлкөнүн достукка жатпаган мамилесине карата жооп катары түшүндүрдү.

Мартта Эстония жергиликтүү "Магнитский" тизмесине кирген 49 орусиялык жарандын өлкөгө киришине тыюу салган. Эстониянын тышкы иштер министри Свен Миксер анда бул чечим "Орусия эл аралык укукту улам көбүрөөк бузуп жатканын" көрсөтүү аракети экенин билдирген.

Эстонияда мындай чара көрүүгө укук берген мыйзам 2016-жылы кабыл алынган.

Февралда "Магнитский" тизмесиндеги 49 адамдын өз аймагына киришине Латвия да тыюу салган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги шаршембиде бул өлкөгө да жооп катары чара көрүлгөнүн билдирди.

"Магнитский" тизмеси биринчи жолу АКШда киргизилген. 2012-жылы ага Британиялык инвестициялык фонддун юристи, Москвадагы тергөө абагында көз жумган Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар экени кеп болгон орусиялык кызмат адамдары кирген.

XS
SM
MD
LG