Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 11:03

Академиялык илимди колдоо фонду түзүлдү


Улуттук илимдер академиясынын алдындагы атомдун модели. 2016-жыл.

Улуттук илимдер академиясында Академиялык илимди колдоо фонду түзүлдү. Ага алгач болуп Аскар Салымбековдун фонду 1 миллион сом которду. Бул тууралуу жаңы фонддун директору Амангелди Жумадилов билдирди. Анын айтымында, бул каражат инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат:

- Каражат академиялык илимди колдоо, келечектүү инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумшалат. Илимге инвестиция тартууну ишке ашыралы деп турабыз. Дүйнө жүзүндө ар бир мамлекет же ишкерлердин 80% илимге көңүл бурушат. Бизде андай эмес.

Аскар Салымбековдун фонду “Акыл тирек” жана “Ак жүрөк” сыйлыктарын 2013-жылдан бери жыл сайын берип келатат. “Акыл тирек” сыйлыгы инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн, жаңы нерселерди ойлоп тапкан жаш илимпоздорго берилет. (AiA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG