Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Октябрь райондук соту казакстандык активист Тунгышбаевдин арызын карайт


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бүгүн казак активисти жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүү тууралуу чечимге каршы берилген доо арызды карайт. Бул тууралуу Тунгышбаевдин адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Токтакунов башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаанбаеванын активистти Казакстанга кайтаруу тууралуу токтомуна каршы арыз менен сотко кайрылган. Жараян саат 9.00гө белгиленген.

Казак бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Тунгышбаевдин Кыргызстанга качкын макамын берүү тууралуу арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган.

Астана блогерди өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган. (NT)

XS
SM
MD
LG