Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Кыргызстан жай мезгилинде Өзбекстанга электр энергиясын сатууну улантат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган ишкана менен “Өзбекэнерго” ишканасынын ортосундагы келишимдин негизинде электр энергиясынын экспорту 8-июнда башталды.

Август айына чейин 500 миллион кВт. саат энергия сатылмакчы. 1 киловатт саат электр энергиясынын баасы 2 цент деп аныкталган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү коңшу өлкөгө электр жарыгын сатууга мүмкүнчүлүк берерин кыргыз энергетиктери билдирип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG