Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:10

“Чоң жети” кайчы пикирлерге карабай коммюнике кабыл алышты


“Чоң жетинин" лидерлеринин кайчы пикирлерине карабай Канада саммитинин жыйынтыгында биргелешкен коммюнике (эл аралык документ) кабыл алынды.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо документке “Чоң жетинин” АКШ, Канада, Франция, Британия, Германия, Италия жана Жапония мамлекеттеринин бардык лидерлери кол койгонун белгиледи. Кошмо Штаттар климаттын өзгөрүшү боюнча маселеде өзгөчө пикирде болду.

Документте эркин сооданы жакшыртуу жана сооданын “оюн эрежесинде” бардыгы бирдей укукта болушун камсыз кылуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун реформалоосу керек экени айтылат. Саммите АКШ жакында алюминийге жана болотко киргизген бажы төлөмү боюнча суроо чечилген жок.

Документте “Чоң жети” (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери башка өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Орусиянын “кастык аракеттерине” каршы “тез жооп кайтаруучу механизм” түзүү да киргизилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG