Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:08

Москвада саясий туткундарды бошотууну талап кылган митинг өттү


Москвадагы митинг. 10-июнь, 2018-жыл.

Москвада 10-июнда "Репрессиядан жана өзүм билемдиктен эркин Орусия үчүн!" деген чакырык менен митинг өттү. Аны "Яблоко" партиясы жана башка оппозициячыл саясатчылар, жарандык активисттер уюштурду. Сахаров проспектиндеги акцияга миңдеген киши катышканын "Интерфакс" кабарлады.

Митингчилер Орусияда абакта жаткан, 14-майдан бери ачкачылык кармап отурган украиналык режиссер Олег Сенцовду жана башка саясий туткундарды бошотууну талап кылышты.

Полициянын маалыматына караганда, акцияга 1700, уюштуруучулардын айтымында беш миңден ашуун киши чыккан.

Митинг эки күндөн соң белгиленчү "Орусия күнүнүн" жана төрт күндөн кийин башталчу Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алдында, полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан учурда уюштурулду.

XS
SM
MD
LG