Линктер

бейшемби, 22-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:24

АКШ менен Түндүк Кореянын саммитине даярдык аяктоодо


Президент Трамп Сингапурга келип конгондон кийин. 10-июнь, 2018-жыл.

АКШ менен Түндүк Кореянын делегациялары 11-июнда Сингапурда өтчү президент Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан саммитке даярдыкты аягына чыгарыш үчүн жолугушат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Кошмо Штаттардын Филиппиндеги элчиси Пхеньяндын делегациясы менен сүйлөшкөн топту жетектээрин билдирди.

Трамп менен Ким Сингапурга 10-июнга келишкен. Америкалык жана түндүк кореялык лидерлердин биринчи жолугушуусу шейшембиде Сентоза аралында өтөт.

Эки лидер Пхеньяндын өзөктүк программасына жана Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу аракеттерине көңүл бурушмакчы.

Трамп бул саммит Түндүк Кореяге берилген “бир мүмкүнчүлүк” экенин айтып, бирок анын натыйжасына “чындап ишенип турганын” кошумчалады.

Ошондой эле америкалык лидер Кимдин өзөктүк программа боюнча ниети канчалык экенин “дароо эле байкарын” да кошумчалады.

АКШ президентин мамлекеттик катчы Майк Помпео, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон, Ак үйдүн администрация башчысы Жон Келли жана басма сөз катчысы Сара Сандерс коштоп келди.

XS
SM
MD
LG