Вильнюста Орусиянын элчилигинин имаратынын маңдайындагы аянтчага Борис Немцовдун аты берилип, Москвада киши колдуу болгон оппозициялык лидердин аты-жөнү жазылган такта орнотулду. Тиешелүү чечимди Литванын баш калаасынын жетекчилиги 23-майда чыгарган.
Салтанаттуу иш-чарага Вильнустун тургундары жана "Христиан демократтар" партиясынын мүчөлөрү катышты.
Орусиянын Литвадагы элчиси Александр Удальцов шаар бийлигинин чечимин «туура эмес» деп баалады. Элчи мындай чечим Литванын ички иши экенин моюнга алып, болгону ал жердин орус элчилигинин жанында экенин «жактырбаганын» билдирди.
Ушул жылдын башында АКШдагы орус элчилигинин алдындагы аянтка Немцовдун аты коюлган.
Кремлди кескин сындаган Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде окко учкан. 2017-жылы июль айында Москва соту Түндүк Кавказ аймагынан, чечен улутундагы беш кишини бул кылмышка айыптап, бир нече жылга соттогон. Бирок Немцовдун тарапташтары ал бийликтин буйругу менен киши колдуу болгонун айтып жүрүшөт.