Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин иши каралып жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) буга чейин билдиргени боюнча, Исаев “Токмок шаарынын мэри болуп турганда жалпы колдонуудагы муниципалдык жерди жеке менчик соода жайын куруш үчүн мыйзамсыз берген, муниципалдык имаратты мыйзамсыз түрдө өз баасынан кыйла арзан баада саткан" деп айыпталууда.
Ошондой эле ал мэриянын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен келишип алып, өздөрүнө тиешелүү компанияга шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан автостанция курууга уруксат бергени белгиленген.
Канатбек Исаев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ал Чүйдүн Токмок шаарын 2008-2010-жылдары башкарган. (КЕ/BkA)