Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматов боюнча Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди жокко чыгарды. Тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды ондоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү.
Буга чейин депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова тергөөдөгү мыйзамсыз жагдайларды ондоп, ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүнүп сотко кайрылган.
Алмамбет Шыкмаматов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен айыпталып жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.
Эл өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге кылмыш иши козголгон. (КЕ/BkA)