Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Сингапурда Дональд Трамп менен Ким Чен Ын катышкан саммит аяктады


Cингапурдун Сентоза аралындагы АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу, 12-июнь, 2018-жыл.
Cингапурдун Сентоза аралындагы АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу, 12-июнь, 2018-жыл.

Шейшембиде Сингапурда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан саммит аяктады. Трамп түндүк кореялык лидер менен коштошуп жатып, аны менен дагы «көп жолу» кездешээрин билдирди.

Трамп түндүк кореялык лидерди «инсандык сапаты жогору, акылдуу жана жеткилең сүйлөшүүчү» деп мүнөздөдү. Америкалык лидер ошондой эле «биз бири-бирибиз жана өлкөлөрүбүз тууралуу көп нерсе билдик» деп айтты.

АКШнын президенти Ким Чен Ынды «өз өлкөсүн сүйгөн өтө таланттуу адам» деп баалады. Ал ошондой эле Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырууга ниети бар экенин да кошумчалады.

Эки лидер адегенде 45 мүнөт көзмө-көз котормочулардын катышуусунда гана жолугушту.

XS
SM
MD
LG