Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:30

Жоокерлерди сабаган прапорщик камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүгүндө катардагы жоокерлерди сабап, кыйнаган прапорщик камакка алынды.

Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 10-июнда таңга жуук 19-20 жаштагы 24 катардагы жоокерди прапорщик ойготуп алып уруп-сабаган.

Анын айынан тогуз баланын ээги жарылган. Алар арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG