Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Коопсуздукка парламенттик көзөмөлдү күчөтүү маселеси талкууланууда


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши.

Бишкекте "Коопсуздук тармагына парламенттик көзөмөл жүргүзүү" деп аталган талкуу өтүп жатат. Анда коопсуздук тармагындагы иш-аракеттерди көзөмөлдөө багытындагы парламент менен жарандык коомдун кызматташтыгын күчөтүү маселеси ортого салынууда.

Иш-чараны "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы", Коомдук иликтөөлөр институту уюштурган.

Коомдук иликтөөлөр институтунун директору, жарандык активист Рита Карасартова талкуу коопсуздук тармагына парламенттик көзөмөлдү арттыруу максатын көздөй турганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, демократиялык мамлекеттерде УКМК, ИИМ, Чек ара кызматы жана башка органдардын иши парламент үчүн ачык болушу керек. Бирок Кыргызстанда азыркы кезде аталган органдардын ишин парламенттик жана коомдук көзөмөлдөө чабал болуп жатат.

Жыйын соңунда коопсуздукка парламенттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар жазылган резолюция кабыл алынат. (NT)

XS
SM
MD
LG