Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Максат айылында чек аралаш айыл тургундарына ооз ачар өткөрүлдү


Ооз ачар учуру.
Ооз ачар учуру.

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын тургундары менен Тажикстандын Согди облусунун Бобожон Гафуров районунун Офчу-Калача айылынын тургундарына ооз ачыруу өттү. Ага Тажикстандын чек арадагы айылдарынан 100дөй киши келди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара аймагындагы коомдук-саясий абалды жана чек ара маселелерин талкуулаган. Ал аксакалдардын жана жаштардын катышуусунда ынтымакты бекемдөөчү ооз ачар өткөрүү демилгесин көтөрүп, тажик тараптан коноктор чакырылган.

4-июнь күнү Максат айылынын тургундарынын чек арадагы футбол аянтында жайма базар ачуу аракетине кошуна өлкөнүн чек арачылары каршы чыгып, анын акыры жаңжалга айланган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын тирешүүсүндө ок атылып, тажикстандык үч чек арачы 4 куралы менен чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, кийин коё берилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG