Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:03

Италия өз аймагына тиешелүү деңизде калган мигранттарды Испанияга жөнөтүш үчүн кошумча эки кеме бөлүп берди. "Aquarius" куткаруучу кемесинде тыгылышкан 629 мигрант аларга бөлүштүрүлүп отургузулду. Ливиядан качып келатып, чөгүп кете турган болгондо куткарылып калган ал топту Италия кабыл албай койгон. Бул окуя өлкөнүн ичинде да, сыртында да нааразылык жаратты.

Франция Италияны "бозгундарды кабыл албай, эл аралык укукту бузду" деп сындады. Ушу тапта куткаруучу кемелер Италиянын
суусунан дагы миңдей качкынды алып чыгып, Сицилияга өткөрүп беришти.

11-июнда Испаниянын премьер-министри Педро Санчес деңизде калган мигранттарды кабыл алууга макул болгон. Анын кеңсеси тараткан билдирүүдө Валенсия шаарынын порту 600дөн ашуун мигранты бар кемени кабыл алууга даяр экени жазылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG