Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Парламентте өкмөттүн отчетуна баа берүү боюнча кайчы пикир жаралды (видео)


Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар жалпы жыйында өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчетту угуп жатат. Эл өкүлү Максат Сабиров өкмөттүн отчетун талкуу кылбай эле добушка коюуну сунуштады.

- Кетирсек азыр кетирели. Кечке ар кайсыны айтып, суроолорду кайталабай. Азыркы өкмөт башчы 2017-жылы сегиз ай вице-премьер-министр болуп отурган. Ал өкмөттү отчетуң жарабайт деп кетиргенбиз, азыр келип алып отчетун угалы деп атабыз. Ушул туура ишпи? Башынан туура эмес кылганбыз.

Буга депутат Каныбек Иманалиев каршы чыгып, өкмөттүн отчетун талкуулаш керек экенин билдирди.

- Бул Абылгазиевдин отчету эмес, бир жылдагы алты миллион элдин отчету. Социалдык, экономикалык, чарбалык иштин отчету. Ошону токтотолу деген эки-үч кишиге таң калып жатам.

Акыры өкмөттүн отчетун талкуулоо чечими кабыл алынды. 12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет өкмөттүн былтыркы иштери тууралуу отчетун уккан, бирок аны кабыл алуу маселесинде талаш жаралган.

Анткени, 2017-жылы премьер-министр болгон Сапар Исаковго быйыл апрелде депутаттар ишеним көрсөтпөй кызматтан кеткен. Абылгазиевдин отчету негизинен буга чейинки өкмөттүн аткарган жумуштары тууралуу болгондуктан, эки анжы ой жаралып, маселени 14-июндагы жалпы жыйында кароо чечими кабыл алынган.

Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы быйыл 20-апрелде ишке киришкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG