Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:22

Орусияда өкмөт пенсия курагын көтөрүүнү сунуштады


Премьер-министр Дмитрий Медведев Мамлекеттик Думанын жыйынында сүйлөп жаткан учур. 8-май, 2018-жыл.

Премьер-министр Дмитрий Медведевдин 14-июндагы өкмөттүк жыйында билдиргенине караганда, алар сунуш кылып жаткан планга ылайык өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт.

Натыйжада 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек.

Пенсия курагын көтөрүү, орус өкмөт башчысынын айтымында, “кошумча каражатты инфляцияны индексациялоого, пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүүгө жардам берет”.

Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Ал эми эркектердин орточо жашоо курагы 65 жаш.

Орус өкмөтү ошондой эле 2034-жылга жетип эркектердин орточо жаш курагы 70ке, аялдардыкы 80ге жетет деп болжолдоодо. Орусияда пенсиялык системаны реформалоо - көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан маселе.

"Коммерсанть" басылмасынын былтыр октябрда жазганына караганда, өлкөнүн Пенсиялык кору азыркы пенсионерлердин алдындагы милдеттенмесинин 60% гана аткара алат. Калган таңкыстык өкмөттүн эсебинен жабылып келатат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG