Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Сурамжылоо: Кыргызстан коопсуздук жагынан коңшуларынан артта


Кыргызстандын милиция кызматкерлери.
Кыргызстандын милиция кызматкерлери.

"Гэллап" ("Gallup") эл аралык иликтөө борбору жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө деп Сингапур, эң кооптуу деп Венесуэла табылды.

Уюмдун маалыматына таянып, BBC 13-июнда кабарлагандай, “Глобалдык мыйзам жана тартип” (Global Law and Order) деп аталган сурамжылоого 142 мамлекетте жашаган 148 миң адам тартылган. Алар милицияга болгон ишеним, түндө көчөдөгү коопсуздук, уурулук, соңку 12 айда өзү же башкалар туш болгон талап-тоноо тууралуу ойлорун билдиришкен.

Жыйынтыгында дүйнөдөгү эң коопсуз беш мамлекеттин катарына Сингапурдан тышкары Норвегия, Исландия, Финляндия жана Өзбекстан кирген. Эң кооптуу беш мамлекет - Венесуэла, Ооганстан, Түштүк Судан, Габон жана Либерия.

Кыргызстан ортоңку катарда. Бирок Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинде акыркы тизмеде. Ошол эле учурда Орусияга караганда көрсөткүчү жакшы.

XS
SM
MD
LG