Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:15

Скопье менен Афины Македониянын жаңы аталышы тууралуу макулдашууга кол коюшту


Грециянын жана Македониянын премьер-министрлери Алексис Ципрас (оңдо) менен Зоран Заев.

Македония менен Грециянын тышкы иштер министрлери мурдагы югославиялык республиканын жаңы аталышы тууралуу макулдашууга кол коюшту. Иш-чарага эки өлкөнүн өкмөт башчылары, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышты.

Скопье менен Афинынын ортосундагы 27 жылдык талашка чекит койгон макулдашууга ылайык Македония эми Түндүк Македония Республикасы деп аталат.

1991-жылы Югославия ыдыраганда анын бир бөлүгү "Македония Республикасы" деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө ушундай аймак бар болгондуктан Афины ал аталышка каршы болуп келген. (RK)

XS
SM
MD
LG