Казакстанда бүгүн жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка кабылып, бир өспүрүм каза тапты. Жамбыл облусунда болгон бул окуяда дагы үч адам түрдүү жараат менен ооруканага жеткирилди.
Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов билдирди.
Астана-Алматы каттамы боюнча бараткан поезддин сегиз вагону рельстен чыгып кеткени кабарланууда.
Окуяны атайын түзүлгөн комиссия териштире баштады. (RK)