Дүйнөдөгү өзөктүк жайы бар өлкөлөр 2018-жылдан тартып өзөктүк куралды азайтканы менен аны өркүндөтүү программалары уланып жатат. Бул тууралуу Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө инстутунун 18-июнда жарык көргөн баяндамасында айтылат. Былтыр дүйнөдөгү тогуз өзөктүк өндүрүшү бар өлкөдөгү өзөктүк дүрмөттүн саны 14,935ке азайган. АКШ, Орусия арсеналын бир аз азайтканы менен дээрлик 92% өзөктүк куралга ээлик кылат.
Баяндамада өзөктүк программасын кыскартуу чечимине карабастан эки өлкөдө тең “өзөктүк дүрмөттү, ракеталык жана авиациялык системаларды жана курал чыгаруучу жайларды модернизациялоо боюнча узак мөөнөттүү программалар иштеп жатканы” айтылат.
Февраль айында чыккан АКШнын “Өзөктүк кырдаалды талдоо” деген докладына ылайык "программаларды модернизациялоо жана жаңы өзөктүк куралды өркүндөтүү” бекитилген. Анда Кошмо Штаттар “өзөктүк жана башка чабуулдардын мизин кайтаруу зарылчылыгы" келип чыкса, ага даяр турушу керек экендиги белгиленет. Ушул жылдын башында АКШнын өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарынын саны 6450 (былтыр 6800) болсо, Орусия өз арсеналын 7000ден 6850гө азайткан.