Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Өкмөт башчы чек арадагы чыр чыккан айылдын тургундары менен жолугат


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 18-июнда “Азаттыкка” билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Баткен облусундагы эки күндүк жумушчу сапары бүгүн башталды. Иш сапарынын алкагында премьер-министр Баткен облусундагы сел каптаган айылдарга барып, жабыр тарткандардын абалы менен таанышат. Мындан тышкары, бүгүн ал кечке жуук Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Максат айылынын тургундары менен жолугары пландалган.

Айдын башында Максат айылынын тургундарынын чек арадагы футбол аянтында жайма базар ачуу аракетине кошуна өлкөнүн чек арачылары каршы чыгып, анын акыры жаңжалга айланган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын тирешүүсүндө ок атылып, тажикстандык үч чек арачы төрт куралы менен чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, кийин коё берилген. Максат айылынын тургундары айылда жумушсуздук, социалдык тейлөө жааты начар экенин айтып даттанып келишет. (JsA)

XS
SM
MD
LG