Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:02

Баткенде 500дөй жакыр үй-бүлөгө тоокканалар менен күнөсканалар берилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Баткен облусунда 385 кожолукка атайын жумуртка багытындагы 15тен тоогу менен кошо тоокканалар берилди. Бул тууралуу “Борбор Азияда жакырчылыкты азайтуу” долбоорунун ассистенти Айбек Муратов "Азаттыкка" билдирди.

Дагы 115 адамга атайын полиэтилен менен жабдылган күнөсканалар тапшырылган.

Муратов кабарлагандай, жардам жалаң жакырлардан, карылардан, мүмкүнчүлүгү чектелгендерден түзүлгөн үй-бүлөлөргө берилген. Алардын алды чакан чарбаларын иштетип жаткан болсо, кээ бирөөлөрү эми түшүм ала баштады.

“Борбор Азияда жакырчылыкты азайтуу” долбоору 2015-жылы башталып, быйыл бүттү. Аны “ХелпЭйдж Интернэшнл Кыргызстан” уюму "Баткен айылдык консультациялык кызматы" уюму менен чогуу жүргүзгөн. Долбоорду "Big Lottery Fund и Age International" фонду каржылаган.

Долбоор Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусун камтыган. Эки облустан жалпы жонунан 20 айыл, ар бир айылда 25тен карысы бар үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлгөн. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG