Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Район аралык сотту жоюунун механизми иштелип чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Район аралык сотту жоюп, анын функцияларын райондук сотторго өткөрүп берүү механизмдерин караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Мындан сырткары, экинчи эксперттик жумушчу топ кылмыш кылган адамдарды жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү эскирген учурда алар тийгизген зыяндын ордун толтуруунун механизмдерин иштеп чыгат.

Мындай чечим президенттин 17-майдагы соттук реформа боюнча кеңешинин чечимине ылайык кабыл алынган. Жумушчу топтун курамына аткаруу, сот бийлик бутактарынын, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирди.

17-майда президент Сооронбай Жээнбеков башында турган соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өткөн.

Жыйында мамлекет башчы сот адилеттигин орнотууда негизги деп эсептеген сегиз маселеге токтолгон. Жээнбеков жарандардын кайрылууларынын 70 пайызы сотторго нааразы экенин баса белгилеп, андыктан реформаларды тездетүүнү тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG