Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Албек Ибраимов: Акыркы кылмыш иштеринде саясий мотив бар


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри жана КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Албек Ибраимов анын санаалаштарына жана Атамбаевдин командасындагы адамдарга козголгон кылмыш иштеринде саясий мотив бар экенин билдирди.

КСДП партиясынын басма сөз бөлүмү тараткан маалыматта Албек Ибраимов 2011-жылы "ТНК Дастан" ачык акционердик коомуна жетекчи болуп келген учурда завод менен Индиянын Коргоо министрлигинин ортосунда келишим түзүлүп калганы жана анын аткарылышына каражаттын басымдуу бөлүгү сарпталганы айтылат.

"Келишимди аткарыш үчүн керектүү тетиктерди алып келүүгө ал учурда жалгыз гана "Дастан Инжинирингдин" тийиштүү уруксат берүүчү документтери бар болгон. Ошол себептен "ТНК Дастан" менен "Дастан Инжинирингдин" ортосундагы келишимге ылайык тетиктин баасы 533 миң долларды түзгөн.

Биз коюлган баага макул болгонбуз, андан башка аргабыз жок болчу. Натыйжада Индиянын коргоо министри менен "ТНК Дастандын" ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде "Дастан" ишканасы 11,5 миллион долларлык пайда тапкан. Ишкерлердин айлык акысы үч-төрт эсеге көтөрүлгөн. Ошондуктан эч кандай ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу фактысы болгон эмес. Менин билишимче, мындай келишимдердин аткарылышын атайын кызматтын өкүлдөрү ар дайым көзөмөлдөп турат. Ошондуктан жети жыл өткөндөн кийин бул маселенин көтөрүлүп жатканы мага түшүнүксүз" деп жазылат билдирүүдө.

"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан.

Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2012-жылы “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда буюм сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдин баасы атайылап жогорулатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. (KR)

XS
SM
MD
LG