Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Жалал-Абадда Иштамберди кени боюнча жыйын жабык өтүп жатат


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Иштамберди кени боюнча жыйын өткөрүп, катуу чара көрүлөрүн айтты. “Азаттыктын” кабарчысы талкуу жабык өтүп жатканын билдирди.

Кечээ, 18-июнда Кызыл-Токой айылында Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жыйын өткөн. Мунун алдында Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Абасбек Мизамбеков Иштамберди кенин иштетүү убактылуу токтотулганын билдирген.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы 200-300дөй жергиликтүү тургун 12-июнда митингге чыккан. Алар ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, анын экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенинде 12-июнь күнү болгон окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG