Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Сот Тунгышбаевдин сотун видеого тартууга тыюу салды


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга эстрадициялоо иши каралып жатат. Ага кыргызстандык жарандык активисттер, укук коргоочулар да катышууда. “Азаттыктын” кабарчысы соттук жараянды видеого тартууга тыюу салынганын билдирди.

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Кечээ, 18-июнда кыргызстандык жана казакстандык жарандык активисттер Тунгышбаевди колдоп жана ага карата куугунтукту токтотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыгышкан.

Буга чейин Тунгышбаевдин Кыргызстанда качкын макамын берүү тууралуу арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырган. (КЕ/KR)

XS
SM
MD
LG