Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Бишкекте казакстандык блогер Тунгышбаевди коргогон митинг өтөт


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Кыргызстандык жана казакстандык укук коргоочулар бүгүн Бишкек шаарында, Жогорку Кеңештин алдында казак активисти Муратбек Тунгышбаевди колдоп митингге чыгышат. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, чогулгандар Бишкекте кармалган блогерди Казакстанга өткөрүп бербөөнү талап кылган петицияны президент Сооронбай Жээнбековго тапшырышат.

Токтонасыров өзү казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевге качкын макамын берүүнү талап кылып жүрөт. Мындай талап менен ал 12-июнда Жогорку соттун алдында, 18-июнда Башкы прокуратуранын алдында пикет өткөргөн.

Казакстандык активист жана блогер казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган. Тунгышбаевдин маселеси кечээ Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралып, 25-июнга калтырылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG