Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Муратбек Тунгышбаевдин апасы президентке кайрылды


Мурат Тунгышбаевдин апасы.
Мурат Тунгышбаевдин апасы.

Бишкекте президенттик аппараттын алдында казакстандык блогер, активист Муратбек Тунгышбаевди колдогон акция өттү. Ага укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, Тунгышбаевдин апасы, жубайы жана бир катар казакстандык активисттер катышты.

Митингдин катышуучуларынын бири Рита Карасартова "азыркы кырдаал бир гана президенттен көз каранды" деген оюн билдирди:

- Талдап көрсөк азыркы кырдаал президенттин гана колунда. Президент УКМКнын орун басарларын дайындайт, башкы прокурорду көрсөтөт. Бүгүнкү күнү ушул эки органдын бири Тунгышбаевди камакка алды, экинчиси аны экстрадициялоо боюнча чечим кабыл алды. Азыр анын апасы президентке кайрылып, "мыйзамдын эле сакталышына кепилдик берсеңер, балам сакталып калат" деп жатат. Тунгышбаев "эгер мени экстрадиция кыла турган болсо мен өзүмө өзүм кол салам" деп айтып жатат. Бул аябай маанилүү жана биз акырына чейин күрөшөбүз.

Кечээ Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Муратбек Тунгышбаевдин жактоочуларынын бири Нурбек Токтакунов айыпталуучунун Кыргызстандан башпаанек алуу укугу чектелип жатканын билдирип, жалпы ишти УКМК жана Башкы прокуратура эмес, соттор карашы керек экенин айткан. Ал ошондой эле Кыргызстандын да, Казакстандын да мыйзамдарына ылайык Тунгышбаевди "кылмыш кылды" деп айыптоого негиз жок экенин билдирди. Натыйжада Тунгышбаевдин ишин кароо 25-июнга жылдырылган.

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган. (KR)

XS
SM
MD
LG