Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Рахмон: Борбор Азияда суу тартыш боло баштады


Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул тууралуу бүгүн Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан суу конференциясында билдирди.

Тажик лидеринин айтымында, “сезондуу жаан-чачындын аздыгынан улам аймактын өлкөлөрүндө эмитен эле суу тартыш болуп жатат. Дарыялардагы суунун агымы жылдык орточо көрсөткүчтөн төмөн жана божомолдор сугат мезгилинде дарыялардагы суу талап кылынган норманын 60-70% гана түзөрүн көргөзүүдө".

Рахмон мындай кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара тыгыз кызматташтыгын жана координациясын талап кыларын да белгиледи.

Тажик президенти кошумчалагандай, анын өлкөсүндө 60 жыл ичинде абанын орточо температурасы 1 градуска көтөрүлдү, эң башкысы - бул аралыкта өлкө 1000ге жакын чакан жана орто мөңгүлөрүнөн айрылды.

Дүйшөмбү шаарындагы конференция «Суу 2018-2028-жылдардагы туруктуу өнүгүү үчүн» деген иш-аракеттердин он жылдык планынын алкагында өтүүдө. Ага 110 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG