Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:28

22-июнда Бишкектеги эркин экономикалык аймакта текстил товарларын өндүргөн “Салкын” ишканасынын жаңы фабрикасы ачылды. АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (USAID) көмөгү менен жалпы суммасы 300 миң долларлык 98 заманбап тигүүчү техника алынган. Азыр ишкананын товарлары Европага, жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолуп жатат. 200дөн ашуун адам иш менен камсыз болууда.

Жаңы фабриканын ачылышына АКШ элчилигинин Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлү Алан Мельтцер катышып, өлкөдөгү текстил тармагын өнүктүрүүгө жалпысынан 8 миллион долларга жакын жардам көрсөтүлгөнүн айтты. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG