Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

АКШ сенаторлору Москвага келет


Республикалык партиянын мүчөлөрүнөн турган америкалык сенаторлор Орусияга сапар менен келет.

Луизиана штатынын сенатору Жон Кеннеди жана Алабама штатынын сенатору Ричард Шелби СNN телеканалына берген маегинде сапарды АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман уюштуруп жатканын билдирген.

Делегацияга дагы бир нече сенатор кирмекчи. Алар Москва жана Санкт-Петербургга келип, президент Владимир Путин баш болгон жогорку деңгээлдеги чиновниктер менен жолугушуу өткөрүүнү пландап жатат. Сапар июнь айынын аягына белгиленген.

Акыркы жылдары Украинанын чыгышындагы кырдаал жана Крымдын аннексия болушунан улам АКШ менен Орусиянын мамилеси начарлап кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG