Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында полиция бир нече адамды кармап кетти. “Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, кармалгандар ураан чакырып же талаптарды койгон эмес. Учурда шаардын борборунда көп сандаган полициячы, анын ичинде атайын багыттагы аскерлер жүргөнү кабарланды.
Астанада калаанын акимиятынын алдында полиция кызматкерлери ондон ашык кызматкерди кармап кетти. “Азаттыктын” казак кызматынын бул шаардагы кабарчысы да кармалып, документи текшерилген соң кое берилди.
Буга чейин Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” уюму 23-июнда тарапкерлерин “акысыз билим алуу” деген талап менен митингге чыгууга үндөгөн. Уюмду учурда чет өлкөдө жашырынып жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн.
Өткөн аптада Казакстандын прокуратурасы тыюу салынган акцияларга катышкандар административдик жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
Бүгүн Казакстандын батышындагы Орол шаарында “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Санат Урналиев жана жергиликтүү бир нече журналистти милиция кармап кеткени белгилүү болду.