Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:39

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт


Түркияда бүгүн кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоодо президенттикке алты талапкер ат салышат. Алардын арасында өлкөнү он беш жылдан бери башкарып келген учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган, Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже, бийликке оппозициячыл "Жакшы партиянын” лидери Мерал Акшенер, Элдик демократиялык" партиянын мурдагы лидерлеринин бири, учурда камакта отурган күрт саясатчысы Селахаттин Демирташ, “Саадет” партиясынын лидери Темел Карамоллаоглу жана "Ватан" партиясынын лидери Догу Перинчек бар.

Сурамжылоолор боюнча булардын арасынан учурдагы президент Эрдоган менен негизги оппозициячыл күч Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инженин шайланууга мүмкүнчүлүгү жогору катары саналууда. Байкоочулар эки талапкер шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн экенин четке кагышпайт.

Шайлоо алдында Эрдоган менен Инжени колдогон массалык үгүт митингдери өттү.

Тарыхта Түркиянын он үчүнчү президенти шайланып жатат.

Бүгүнкү шайлоодо жалпысынан 59 миллиондон ашык түрк жараны добуш берет. Чет өлкөдө жашаган үч миллиондон ашык түрк жараны 17-июнда 60 өлкөдө ачылган шайлоо участокторунда добуш беришкен.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде шайлоочу тизмесинде 2030 шайлоочу катталган.Бүгүнкү шайлоону чагылдырууга 34 өлкөдөн 635 журналист аккредитациядан өткөн.

Шайлоодо 531 миң полиция кызматкери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөйт.(ElB)

XS
SM
MD
LG