Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

ФИФА швейцариялык эки футболчунун үстүнөн иликтөө баштады


Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) тартип комитети Швейцария курамасынын эки оюнчусу боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Буга футболчулардын Сербия командасы менен оюнда гол киргизгенден кийинки ишарасы себеп болгон. Эгер бул аракеттер саясий символика катары таанылса, анда Гранита Жаку менен Жердана Шакириге эки беттеште ойноого тыюу салынышы мүмкүн.

Швейцария курамасы үчүн ойногон эки футболчу тең этникалык албандар. Алардын туугандары Сербия эгемендигин тааныбаган Косоводо жашайт. Сербиянын дарбазасына гол киргизген соң Жака жана Шакири колун бооруна алып, Албаниянын гербиндеги эки баштуу бүркүткө окшоштурган.

Жака бул ишара менен сербдерди таарынткысы келбегенин, Косоводогу туугандарына салам жолдогонун билдирди.

Ошондой эле Сербия курамасынын машыктыруучусу Младен Крстаичке карата да иликтөө башталганы белгилүү болду. Ал оюндун калысына нааразы болуп, “аны Гаагага жөнөтүш керек, бизди соттогондой соттосун” деп айткан

Машыктыруучу футболду саясатташтырды деп сынга кабылды.

Швейцариянын футболчулары 22-июнда Сербиянын командасын 2:1 эсебинде уткан.

XS
SM
MD
LG