Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Казакстандык активист Тунгышбаевдин соту болот


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда казакстандык активист, блогер Муратбек Тунгышбаевдин иши каралат. Анда Башкы прокуратуранын активистти Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу токтомуна каршы адвокаттын арызы териштирилет.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Буга чейин жактоочулардын бири Нурбек Токтакунов Тунгышбаевге Кыргызстандан баш паанек берүү маселесине УКМК тоскоолдук кылып жатканын айтып чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG