Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Футбол-2018: Польша чемпионаттан чыкты


Иран - Испания оюнундагы учурдан.
Иран - Испания оюнундагы учурдан.

Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта тайпалык оюндардын экинчи туру аяктады. Кечээ “Н” тобунун алкагында Жапония менен Сенегал, Польша менен Колумбия ойноду.

Буга чейин жеңилүү ызасын тарткан Польша менен Колумбиянын оюнунда Польша кайрадан атаандашына 0:3 эсебинде утулуп, натыйжада тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Ал эми Колумбия үч упайы менен 1/8 бөлүккө чыгыш үчүн аракетин уланта алат.

Бул тайпада Жапония менен Сенегалдын оюну 2:2 эсеби менен аяктады. Ошондой эле “G” тобундагы оюнда Англиянын курама командасы Панаманы 6:1 ири эсебинде утуп алды. Бул оюнда Англиянын чабуулчусу Харри Кейн үч голду өзү жалгыз киргизди.

Бүгүн тайпалык оюндардын акыркы, үчүнчү жыйынтыктоочу туру уланат. Анын алкагында “А” тобунда Орусия менен Уругвай, Египет менен Сауд Арабиясы, “B” тобунда Испания менен Марокко, Иран менен Португалия беттешет. (SDz)

XS
SM
MD
LG